01.10.2018 17:28

Мэрия:  Азиз Суракматовдун кыргыз тилинен кайрадан экзамен тапшыруусуна негиз жок

Мэрия:  Азиз Суракматовдун кыргыз тилинен кайрадан экзамен тапшыруусуна негиз жок

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кыргыз тилинен кайрадан экзамен тапшырбайт. Бул тууралуу 1-октябрда мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев журналисттерге кабарлады. Анын айтымында, мэрдин кайталап экзамен тапшыруусуна негиз жок.

«Шаар башчысы буга чейин эле кыргыз тилинен экзамен тапшырган. Борбордук шайлоо комиссиясы жөн гана сунуш берип жатат. Ошондуктан кайрадан тапшыруусуна эч кандай негиз жок», - деди Түлөбаев.

Эскерте кетсек, буга чейин жарандык активист Канышай Мамыркулова Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын ал кездеги мэрликке талапкер Азиз Суракматов кыргыз тилинде эркин сүйлөй алат деген чечимин жокко чыгарууну талап кылып, арыз жөнөткөн. Активист ошондой эле, Суракматовдун мамлекеттик тилди билүү деңгээлин «Кыргызтест» баалашы керек экенин кошумчалаган.

БШК «Борбордун макамы тууралуу» мыйзамда талапкерлер «Кыргызтест» тутумунан тесттен өтүшү керек деген талап жок экенин, Бишкек мэрлигине талапкерлерди каттоодо бардык шарттар аткарылганын, шайлоону уюштуруу мыйзамга ылайык жүргөнүн эскертип, бирок, Суракматовго «Кыргызтесттен» өтүүнү сунуштоону жөндүү деп тапкан.

19-сентябрда мэриянын маалымат кызматы БШКнын мэрге даректелген кыргыз тил экзаменин кайра тапшыруу сунушу аларга жеткенин, документ кароо стадиясында экенин билдирген.